Жалал-Абад шаарына медиктердин тобу жөнөп кетти

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен журналисттерге маалымдашты.

“Жалал-Абаддагы абалды эске алып эң мыкты деген реаниматолог, инфекционисттерди жана ыктыярчы дарыгерлердин тобун жибердик. Алардын баардыгы эпидемиялык ооруга каршы жарандарды дарылоо үчүн барышты. Ошондой эле коопсуздук үчүн алардын баарына каражаттар, атайын кийимдер менен камсыздалды”-деп айтылат кабарда. Эртеңден баштап алар жумушка чыгып, обсервацияда жаткандарга жардам көрсөтө башташат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru