Жалал-Абад шаарында «2020-жылдын мыкты санарип мугалими» сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
Жалал-Абад шаарында «2020-жылдын мыкты санарип мугалими» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Конкурс шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, 19 мектептин мугалимдери катышкан. Натыйжада №13 Розы Азимов атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Айнура Асилбекова жеңүүчү аталган.
«Педагогдор жаңыча технологияларды пайдалануу менен билим берүү, окуучуларды онлайн сабакка тартуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү жана ата-эне, окуучулар менен байланыш түзүүнүн алкагында таймашты», — деп айтылат маалыматта.
Алдыңкы орунду ээлегендерге ноутбук, компьютерлер берилсе, калган катышуучуларга турмуш-тиричилик техникалары тапшырылган.
Мындан сырткары, «2020-жылдын мыкты мектеп» сынагын жеңген №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп гимназиясына Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн туусу ыйгарылган.
Жергиликтүү бийлик аталган сынак үчүн казынадан 150 миң сом бөлгөн.