народный

Жалал-Абад шаарында 400 бука багылып жаткан сарай өрттөнүүдө-(ВИДЕО)

Жалал-Абадда миңден ашык малга ылайыкташкан сарайда өрт чыкты. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазып чыкты.

Тилсиз жоо калаанын Көк-Арт кичи шаарчасындагы сарайлардын биринде саат 11:00 чамасында орун алган. Ушул тапта Жалал-Абад шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн 5 бригадасы өрттү чектөөгө алып жатышат.

Аталган мал сарайдын ээси Маккамбай Дарбанов сарайда 400дөй бука болгонун жана аларды караган 5 үй-бүлө жашап жатканын айтты.

«Бул сарайда 10 жылдан бери букаларды багып келебиз. Малды семирткенден кийин мал союлуучу жайга алып барып, этин калаадагы базарларга таратчубуз. Жалпы 800дөн ашык бука бар эле. Мурдагы күнү алардын жарымын жайлоого жеткиргенбиз. Короодо 400дөй бука калган. Аларды кароо үчүн 5 үй-бүлө ушул жерде жатып иштешчү. Өрт бүгүн саат 11:00 чамасында чыгыптыр. Менимче тилсиз жоо электр зымдарынын кыска туташуусунан чыккан болушу керек. Себеби, сарайдын чатырын толтуруп, миңден ашык малга ылайыктап чөп жыйган болчубуз. Азыр кышка камдаган чөп, сарайдын кампасындагы жемдин бири калбай күйүп кетти. Сарайдын чатырлары да жарактан чыкты. Эл-журт бар экен. Малдарды сарайдан убагында алып чыгышыптыр. Аларды караган 5 үй-бүлө да аман экен. Негизгиси адам өмүрү кыйылган жок», – дейт М.Дарбанов.

Өрт өчүрүүчүлөргө Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын унаасы да суу ташып берип жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru