Жалал-Абад шаарында гүл көчөттөрү отургузула баштады

Жалал-Абад шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери күнөсканада даярдалган алгачкы гүл көчөттөрүн отургузуу иштерин башташты. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн жумуш иштери калаанын борбордук Ленин көчөсүнүн боюндагы клумбаларга гүл көчөттөрү тигилди. Бул жылы жаз-жай мезгилдеринде шаар көчөлөрүн көркүнө чыгарып, тургундарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында, аталган чарбанын кызматкерлери кызуу даярдыктарды көрүүдө.

Белгилей кетсек, бул жылы Жалал-Абад шаарынын көчөлөрүнө гүлдүн жалпы 22 түрүн тигүү пландалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru