народный

Жалал-Абад шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы өттү

Жаштар арасында кыргыз элинин салттуу музыкасын жайылтуу, андан сырткары, жаңы таланттарды алып чыгып, колдоо көрсөтүү максатында Жалал-Абад шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” сынагы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага калаадагы 30га жакын жаш таланттар катышып, ооз эки, салттык, музыкалык, айтуучулук, аспапчылык багыттары боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Бул багыттагы саамалык бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумунда өттү. Анда жаш таланттар калыстар тобуна өз өнөрлөрүн тартуулашты. Саамалыктын жыйынтыгында 6 катышуучу сынактын облустук туруна өттү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru