Жалал-Абад шаарындагы мектептер салттуу режимге качан өтө турганы белгилүү болду

Жалал-Абад шаарындагы мектептер 23-ноябрдан тарта ачылат. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык штаб 1-5-9-11-класстарга гана мектепке барып билим алууга уруксат берди. Калган класстардын окуучулары онлайн тартипте окуусун улантат. Бул чечим муниципалдык жана менчик мектептерге да тиешелүү.

Ал эми №12, 18, 22 мектептер толук кандуу иштеп, 1-класстан 11-класска чейин окуучуларды кабыл алат. Анткени бул үч мектепте балдардын саны аз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru