Жалал-Абад жана Кадамжайдан 3,5 миң бөтөлкө сатууга лицензиясы жок алкоголдук продукция тартып алынды

Баткен облусунун Кадамжай районунан жана Жалал-Абад шаарынан сатууга тийиштүү лицензиясы жок ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкталды. Бул туурасында мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган.
Натыйжада Жалал-Абад шаарынын соода объекттеринин биринен ар кандай ассортименттеги 2 миң 973 бөтөлкө, ал эми Кадамжай районунан 561 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.
Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru