Жалал-Абадда 44 жаштагы тургун жашы жете элек кыз менен никеге турду

Жалал-Абад шаарынын 44 жаштагы тургуну аялы жана эки баласы бар туруп, жашы жете элек кыз менен никеге турду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 25-октябрда Талас шаарынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган жаран Л.А. кармалган. Андан кийин аны Ош шаарына алып кетишкен. Белгиленгендей, буга чейин милицияга аталган жаран бир жарым жыл мурун, 2019-жылы 29-июнда Кара-Суу районунун 2003-жылы туулган тургунунун жашы жете электигин билип туруп, үйлөнгөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Никени Ош шаарында кыйып, андан со кызды аны Жалал-Абадга алып барган. Андан кийин Л.А. милиция кызматкерлери аны издеп жаткандыгын билип, Таласка качып кеткен. Факт КЖБРда 178- статья боюнча «Диний ырым-жырымдар учурунда нике курагына байланыштуу мыйзамдарды бузуу» беренеси боюнча катталган. Шаардык соттун чечими менен кармалган адам үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru