Жалал-Абадда 50 метр куб кар көчкү түштү

Жалал-Абадда кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 17-январда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда саат 17:40 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында жалпы көлөмү болжол менен 50 метр куб кар көчкү түшүп, жол каттам бир тараптуу жабылды. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 даана бульдозер тартылып, саат 18:09да жол толук тазаланды. Тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru