Жалал-Абадда дары ичип, комага түшкөн окуучу кыз каза болду

Жалал-Абад шаарында апасына таарынып, кант диабетинин дарысын ичип алган окуучу кыз ооруканада өзүнө келбей көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянуу менен билдирди. Маалыматты Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын жооптуу адамдары ырастады.

Маалым болгондой, өспүрүм кыз бейтапканага 29-сентябрь күнү эс-учун жоготкон абалда келген. 12 күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

«Окуучу кыздын апасы кант диабети менен ооругандыктан, үйүндө турган дарыны эч ким жокто ичип алган. 29-сентябрь күнү күндүзгү саат 11:00 чамасында ооруканага эс-учун жоготкон абалда келген. Комада жатты. Дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшады. Негизи кандын курамындагы канттын нормасы 4-5 ммоль/л болушу керек. Кызда канттын нормасы 0гө түшүп калган. Ага дары-дармектен уулануу диагнозу коюлган», – деп билдиришти ооруканадан.

Бул окуя Жалал-Абад ШИИБде уулануу болуп катталган.

Маалым болгондой, кыз калаадагы мектептердин биринде 8-класста окуп келген. 14 жашта болгон.Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru