Жалал-Абадда жума намаз окуганга убактылуу тыюу салынды

Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде жума намаз окуганга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда шаарда коронавирус жуктургандар көп катталып, кырдаал курчуп жатат. Андан улам шаардык штаб массалык топтолууга бөгөт коюу үчүн ушундай чечим кабыл алды.

Шаарда 30 мечит бар болсо, анын ичинен 11 мечитте жума намаз окулат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.