Жалпы республикалык тестирлөө качан өтөрү айтылды

Бишкек шаарында “Жалпы республикалык тестирлөө-2021” аталышында маалымат жыйын өтүүдө. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев, Билимди балоо жана окутуу усулдары борборунун жетекчиси Чынар Батракеева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун аналитиги, административдик суроолор боюнча консультант Инна Валькова катышууда. Маалымат жыйында жалпы республикалык тестирлөө боюнча жалпы маалыматтар (каттоодон өтүү үчүн керектүү документтер, тесттин өтүү убактысы) айтылды. “2021-жылы Жалпы республикалык тестке каттоо ББОБУБнын сайтынын электрондук платформасында 26-февралдан 9-апрелге чейин өткөрүлөт. Тест 2021-жылдын 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча бардыгы болуп 120га жакын тест борбору уюштурулат. Учурда өлкөдө 58 миңден көп окуучу бүтүрүүчү катары катталды”, – деди Үсөналиев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.