Жалпы республикалык тестирлөөнүн убактысы жылдырылат

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөнүн убактысы жылдырылат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал белгилегендей, азыркы учурда коронавируска байланышкан кырдаалга улам тестирлөөгө каттоо токтотулган.

“Кырдаал жөнгө салынгандан кийин, окуучуларды каттоо башталат”, – деп ал, жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүнүн мөөнөтү жылдырыларын билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru