Жамалбек Ырысалиев кайсы тармак боюнча вице-мэр болуп дайындалганы айтылды
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча жаңы вице-мэр Жамалбек Ырсалиевди тааныштырды. Алимбек Абдылдаевдин ордуна Жамалбек Ырсалиев дайындалды. Буга чейин ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.