Жамбылбек Камчиев: “Атамбаев чек араны тартыла турган зымдардын баарын саттырган…”

Бул тууралуу  куудул “коом press” сайтына билдирди:

«Мен Сооронбай Жээнбековду чек ара боюнча эч нерсе кылбай жүрөт, бир метр жерди жаптырган жок деп ойлоп жүргөм. Бирок ал жакшы иштеп, 120 километр жерди жаптырыптыр. Андан сырткары  4 жерге  эң мыкты шарттагы застава курдуруптур. Ал эми Роза Отунбаева чек ара жөнүндө ойлонбоптур дагы.  Атамбаев болсо аскерлерге айлык бере албай калып, чек арада тартылган зымдардын баарын саттырып, аягында  аны күнөөлүү деп Россияда жүргөн жеринен под полковникти таап келип соттоп жиберишти. Менин айткандарымды куудул деп ишенишпесе  азыр деле барып карашса болот. Оштогу базарда ал зымдар дагы деле сатылып атат»-деди куудул.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru