Жанар Акаев ИИМге суракка чакырылды
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылды. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат каражаттарына өзү билдирди.
Айтымында, эл өкүлү күбө катары тергөөчүгө 19-ноябрда келиши керек.
«Суракка эмнеге чакырып жатканы белгисиз. Божомолумда, 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларга байланыштуу болсо керек», — деди Акаев.