Жанар Акаев: “Коронавируска байланыштуу эл менен жолугушууну чектедик”

Мындай пикирин КЛДП лидери Жанар Акаев билдирди.

“Элибиздин саламаттыгы, ар бир жарандын коопсуздугу биз үчүн шайлоодон, саясаттан жогору турат. КЛДП жер-жерлердеги шайлоого байланыштуу массалык жолугушууларды чектедик. Даректүү иш алып баруубуз уланууда. Мындай учурда өкмөттүн, жергиликтүү бийликтердин айтканын кынтыксыз аткарып, этияттыкка, тартипке баарыбыз баш ийип, колубуздан келишинче көмөк көрсөтүшүбүз керек. Жамандыкты амандык женет, элибиз кырсыктан алыс болсун ылайым!”- дейт ал.

Эскерте кетсек, учурда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна байланыштуу үгүт иштери өтүп жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru