Жаназа намазын жакын туугандары менен гана өткөзүүсү талап кылынды

Казакстанда коронавируска байланыштуу мечиттерде жума намазы жана башка намаздар окулбайт. Ошондой эле жаназа намаздарына жакын туугандары гана катышып аз топ менен өткөзүлөт. Бул тууралуу Казакстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

“Мамлекет тарабынан коомчулукта өзгөчө кырдаал жарыяланышынан жана коронавирустун таралуу коркунучу жогору болгонуна байланыштуу мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт. Ар ким өз үйүндө жума намаздын ордуна бешим намазын окуйт. Мечиттер жабылбайт, беш маал намазга азан чакырылат, болгону намаз мечитте жамаат менен окулбайт. Мечит жанындагы ашканаларда өтүүчу түлөөлөр, садакалар дагы убактылуу токтотулат.Ошондой эле, жаназа намазын жакын туугандары менен гана өткөзүүсү талап кылынат“,-деп билдирген Казакстан дин башкармылыгынын өкүлчүлүгү.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда он адам коронавирус жуктуруп алган. Алардын сегизи Алматыда, экөө Нур-Султан шаарында.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru