народный

Жантөрө Сатыбалдиевге жүрөгүнө операция жасалды

Бүгүн 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Бишкек ТЭЦин модернизациялоо учурунда коррупциялык иш боюнча жазасын өтөп жаткан, өлкөнүн мурунку премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди көргөнү улуттук госпиталга барды. Баарлашуунун жүрүшүндө Жантөрө Сатыбалдиев жакында жүрөгүнө операция жасалып, стент орнотулганын айтты.

Ошондой эле ал өзүнө козголгон кылмыш ишинде жаңы ачылган жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылгандыгын билдирди. Кылмыш ишин кароо 2020-жылдын 6-декабрына дайындалган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru