Жапаров: Centerra Gold Inc. арбитраждык сотко качан кайрыларын айтты

Учурда “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала корутундусун жарыялап жатат.

Centerra Gold Inc. компаниясы июнь айынын ортосунда арбитраждык сотко кайрыларын айтты. Бул тууралуу “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйын учурунда билдирди.

“Кумтөр Голд Компани” өздөрүнүн юридикалык компаниясы аркылуу өкмөткө кат жолдоду. Анда 45 күндүн ичинде сүйлөшүүлөргө барбасаңар арбитраждык сотко кайрылабыз деп жазылган. Алар 2009, 2017, 2019-жылдардагы кыргыз өкмөтү бизди коргойбуз деп ант берген, эми ал келишимди бузуп жатасыңар деп жазышкан”, — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров учурда мамлекеттик комиссия юристтер менен биргеликте фактыларды топтоп, эл аралык сотко даярданып жатканын белгиледи.

“Балким биз алардан биринчи эл аралык сотко кайрыларбыз. Эмнеси болсо дагы андан ары соттошобуз. Ошол себептен эл аралык юристтер мамлекеттик комиссия ишин токтотпой, соттор бүткүчө күчүндө болуп турсун деп жатышат”, — деди төрага.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru