Жапаров чек ара жаңжалын жөнгө салууну Артём Новиковго тапшырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өкмөт мүчөлөрү менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анын жыйынтыгында кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер Артём Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.

Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык жолдор аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылган.

Соңку маалыматтар боюнча, 11 киши жаракат алды.


Leave A Reply

Your email address will not be published.