Жапаров: “Кызмат адамдары банктардан акча алып чыгып кетпесин деп, эки кудамды койгом”

26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин иши текшериле башталган.

Анын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланкаларын даярдоо тендерде эки эсе кымбат бааланып калганын билдирди. Тендер ушул жылдын 21-июлунда «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган.

Маалыматка ылайык, бланкаларды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган «Гознак» ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда алардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек. Натыйжада тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылды. Белгилей кетсек, «Унаа» мекемесин Турусбек Түмөнбаев өткөн жылдын ноябрь айынан бери жетектейт. Ал президент Садыр Жапаровдун кудасы.

Турусбек Түмөнбаев кечээ «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорлук кызматынан бошотулду. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Ал эми Садыр Жапаров кудасынын кызматка дайындалышы боюнча төмөнкүдөй комментарий берген:
“Өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылып, мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты”-деген Садыр Жапаров

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru