народный

Жапаров: Жаңы Конституциянын долбоору 10 күндүн ичинде сунушталат

Примьер министрдин айтымында, президенттик башкаруу формасы жана парламенттеги аралаш система сунушталууда.

“Жаңы Конституциянын долбоору он күндүн ичинде коомдук талкууга коюлат”, – деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров.

Анын айтымында, адистер документ даярдап жатышат.
“Коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча эл өз алдынча чечим кабыл алат. Анда  парламенттик эмес, президенттик башкаруу системасы, Жогорку Кеңешке депутаттарды партиялык тизме менен жана бир мандаттуу округдардан шайлоо каралган. Ошондой эле курултай системасы киргизилет. Жаңы Конституция кабыл алынып калса, жылына бир жолу 2,5 миңге жакын жер-жерлерден келген делегаттар чогулуп, Президенттин жана парламенттин отчету менен таанышып турат. Ошондо бийлик чындыгында элдики болот “, – деди Жапаров.
Ал 30 жылдан бери бир дагы президент жана бир дагы парламент эл алдында отчет берген эмес деп кошумчалады.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru