Жапаров жайында чет элден келген туристтер үчүн санаторий-пансионаттардын баарын ачууга убада берди

Президент Садыр Жапаров Россияга болгон сапарында «Российской газета» басылмасына маек берип жатып, жайкы эс алуу мезгилинде чет элдик туристтер үчүн баардык санаторий-пансионаттардын баарында жакшы шарт түзуп, ачып беребиз деди.

“Баарыбызга белгилүү болгондой, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнөдө туризм тармагы чоң жоготууга учурады. Анын ичинде Кыргызстан дагы.  Ошого карабай, биз туризм тармагынын келечегине оптимисттик көз караштабыз жана бул тармакты өнүктүрүүгө, туристтер үчүн шарттарды жакшыртууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Туризмдин бардык түрлөрүн өнүктүрүүдө өзгөчө роль адам факторуна, тактап айтканда, өлкөнүн карапайым тургундарына жүктөлөт. Кыргызстандын элинде меймандостук, адамдар менен баарлашууга ачыктык жана толеранттуулук бар », – деди өлкө башчысы.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргызстан COVID-19дун эрежелерин сактап, туристтер үчүн коопсуз эс алуу уюштурууга жөндөмдүү экендигин билдирди.

 Чет өлкөдөн келген эс алуучулар элдик дарылоонун ар кандай түрүн колдонуп Ысык-Көлдө эс алып,  Улуу Жибек Жолу менен жүрүп, тарыхий сыйынуучу, ыйык жайларды  кыдыруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин эскертти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.