Президенттин маалымат катчысы: Алексей Ширшовго кылмыш иши козголгон

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши болгон. Бул туурасында президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

– Ширшов боюнча тактоо. Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров Мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган, – деди Султанбаев.

Буга чейин, президент Садыр Жапаров «Дастан» корпорациясынын мурдагы директору, Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанылган Алексей Ширшовдун кармалып, кайра кое берилгени тууралуу пикирин билдирген.

Анда Садыр Жапаров Алексей Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогону жана ал издөөдө эмес экени аныкталды деп билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru