Жарандык жана кайрымдуулук уюмдары эл аралык каржы фонддорун коронавирусга байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын кечүүгө чакырышты

Дүйнөнүн жүздөн ашуун жарандык жана кайрымдуулук уюмдары эл аралык каржы фонддорун коронавирусга байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын кечүүгө чакырышты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, «Оксфам» сыяктуу белгилүү уюмдар кол койгон кат 7-апрелде «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттерге, Эл аралык Валюта Фондуна жана Дүйнөлүк банкка жөнөтүлдү.

“Катта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бир эле учурда эпидемия менен да күрөшүп, экономикасы да чоң зыян тартып жатканы айтылат. Эгер 69 жакыр өлкө 2020-жылдагы тышкы карызды төлөө милдетинен бошонсо, 25 миллиард долларды сактап калышмакчы”-деп кошумчаланат маалыматта.

Мындай кайрылуу «Чоң жыйырманын» жумушчу тобу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү коронавирус пандемиясына каршы күрөштү талкуулоодо таратылды.

Белгилей кетсек, буга чейин ЭВФ жана Дүйнөлүк банк эң жакыр мамлекеттердин карыздарын убактылуу токтотоорун жарыялаган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru