Жардам берем деп барып 85 жаштагы кемпирди тоноп кетишкен

Бул тууралуу Казакстандын kaztag.kz сайты жазып чыкты.

Маалыматка караганда окуя Казакстандын борбор калаасы Нур-Султан шаарында болгон. Анда  85 жаштагы кемпир көчөдө азык-түлүк көтөрүп келе жатса, 44 жаштагы жаран жардам берип жүктөрдү көтөрүшүп алган. Ал буга чейин деле бир нече жолу жардам берген тааныш адам болгон. Качан кемпир үйгө киргенде ага күч колдонуп алтын сөйкөнү жана сувенир бычакты алып кеткен.

Учурда кылмышкер кармалып, сурак берүүдө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru