народный

Жардам уланууда: Матраимовдор Кыргызстанга COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест алып келди

Коронавирустун кесепетин жоюга медициналык жабдык жардамдары келип түштү. Бул тууралуу Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун өкүлү Искендер Матраимов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түштү. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди.
Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө. Жагымдуу жаӊылык, иним Райымбек Матраимов дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келүүгө буюрма берди. Алар өлкөдөгү ооруканалардын жандандыруучу бөлүмдөрүнө берилет.


Фонддун волонтерлору аппараттарды сатып алууга 2 жума убакыт коротушту. Алдыда комплектация, инструктаж жана эксплуатация сыяктуу оӊой эмес жумуштар күтүп турат. Жакынкы күндөрү бардык аппараттарды жеткирип орнотуп беребиз деген үмүттөбүз.
Алынып келинген бардык жабдуулар Саламаттыкты сактоо министрлигине короновирус менен күрөшүүгө бекер өткөрүлүп берилет”-дейт ал.


Эскерте кетсек, Матраимовдордун үй-бүлөсү өлкөдөгү жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бет каптарды жана азык-түлүк түрүндөгү жардамдарын таратып жатышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru