Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы I “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышын өткөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышын өткөрүлөт. Бул туурасында муфтияттан билдиришти.

Эртең, 26-февралдан 28-мартка чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн каарылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru