народный

Жасалма транзиттик номер тагынган унаанын айдоочусу кармалды

Бишкекте жасалма номер тагылган унаанын дагы бир айдоочусу кармалды.  Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу проспектиси менен кесилишинде жол эрежесин бузган Toyota Avalon унаасынын айдоочусун жол кайгуулчулар токтотушкан.

 Текшерүү учурунда 28 жаштагы айдоочу унааны жасалма транзиттик унаа менен айдап бара жаткандыгы, бирок анын чыныгы номери унаада экени аныкталды.

 Унаа адистештирилген унаа токтотуучу жайга киргизилип, айдоочу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобуна өткөрүлүп берилди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru