Жаш жоокерлердин ант берүү салтанаттуу аземи болуп өттү

Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүнө күзгү чакырык менен келген жаш жоокерлердин ант берүү салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. “100дөн ашык Кыргыз мамлекетинин жаш жоокерлери ант беришти. Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүгүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик Уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет. Иш-чаранын жүрүшүндө курал менен болгон ыкмалар боюнча көрсөтмөлөр аткарылып, концерттик программалар уюштурулду”, – деп жазылат маалыматта.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru