Жашы жете элек кызды зордуктады делген Адил Кыргыз “Тазалыкка” жетекчинин орун басары болду

Активист Адил Кыргыз [Назаров] “Тазалык” муниципалдык ишканасына жетекчисинин орун басары болду. Бул тууралуу калаа башчысы Балбак Түлөбаев билдирди. Шаар башчысынын айтымында, активистти өзү кызматка сунуштаган. “Адил Кыргыз чооң рахмат. Менин сунушуму кабыл алды. Тазалык ишканасынын жетекчисинин орун басары болду. Ишине ийгилик. Шаар үчүн кызмат кылат”, – деп жазган Түлөбаев.

Белгилей кетсек, Адиль Назаров 2012-жылы балдарын караган жашы жете элек кызды зордуктаган. Үч жумадан ашык Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга кармалган. Мындай маалыматты кезинде “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов “Вечерний Бишкек” басылмасына айтып берген.

“Адиль бизге айтып берген. Жашы жетелек кыз анын балдарын карап, үй кызматкери болуп, материалдык жардам алып жүргөн, кредитин дагы жаап берген. Ал кыз менен 2 айдан ашык жыныстык мамиледе болуп, ал тургай экинчи аял кылып алууга дагы даяр эле”-деп билдирген.

Булак: Эркиндик

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru