Жазуучу жана журналист Олжобай Шакирдин кызы ЛГБТнын мүчөсүбү?

Ал социалдык баракчасы аркылуу ачуу чындыкты моюгуна алып, элге кайрылуу жөнөттү.

“Аялдардын шериктештик маршына» каршы чыккандарга жеке өзүмдүн тагдырым аркылуу зордук-зомбулукка эмне үчүн жол бербешибиз керектигин туюнткум келет! Айрымдар бүгүнкүдөй акциянын артында Батыш өлкөлөрү турат же АКШ турат деген чолок ой менен жыйынтык чыгарып жүрүшкөнүнөн улам, мендей кара көз, кара чечекей кыргыз урпагынан деле ЛГБТ мүчөлөрү төрөлүп калуусу – бул табият буйругу экенин түшүндүргүм келет. Андыктан коомчулукту толеранттуулукка гана чакырам! Бүгүнкүдөй акциядан улуттук трагедия чыгарыштын кереги жок!

Кезинде мен деле гейлерди, феминисттерди түшүнгөн эмесмин, бирок өз тагдырымдан кийин гана көзүм ачылды турмушта”-дейт ал өз сөзүндө.

Кечээ 8-мартта  Бишкек шаарынын жеңиш аянтында  ЛГТБнын мүчөлөрү атайын жөө жүрүш өткөрүп “Жатынымды өзүм билем, күйөөгө тийбейм, идиш жуубайм”-деген жазуусу бар плакаттарды кармап аянтка чыгышты.  Аларды милиция кармап кетип, учурда сурак беришүүдө. Ошол эле учурда милиция кызматы коопсуздукту сактап берүү максатында эч ким кайрылбаганын, демек бул мыйзамсыз экенин билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru