народный

Жеңиш Молдакматов Садыр Жапаровду элдин, эркиндиктин баасын билбейт дейт

Бул тууралуу  “Замандаш” партиясынын лидери өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты. Ал азыркы Конституциянын өзгөрүүсүнө таптакыр каршы:

“Демек, 79 же ага жетпеген депутаттардын макулдугу менен коомдук угууга коюунун өзү канчалык лигитимдүү?

Президенттик шайлоо менен кошо өтүүчү Референдумдун шашылыш чыгуусу эмнени каңкуулайт. Мамлекет- элдики, бир ууч топтуку эмес же дос тамыр, жакын адамдардыкы эмес!

Социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан жаңы долбоорго коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын пикирлер жүйөөлүү.

Күнү куру эмес болуп жаткан мыйзамсыз иштерге көз жумуп отура албайм. Мен, азыркы болуп жаткан мыйзамсыз кадамдарга каршымын!

Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Элдин, эркиндиктин баркын, баасын билген адам мындай кадамдарга барбайт!.

Мамлекет башчысы болом деген инсан элди эки бөлбөйт. Конституция мамлекет башчысы үчүн эмес, эл үчүн жазылат!”-деди ал

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru