Жеңишке 75 жыл: Согуш тууралуу тасмалардын DVD топтому чыгарылат
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш тууралуу тасмалардын DVD топтому чыгарылат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык , ал топтомго “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган 6 тасма кирет: “Саманчынын жолу”, “Ташка баткан элестер”, “Эрте келген турналар”, “Айдагы жезкемпир”, “Чолпонбай” жана “Хроника суровых лет”.