народный

Жеӊиш Молдокматов митингде Атамбаевти эмнеге колдогонун айтып берди…

— 2020-жылдын 5-6-октябрындагы болуп өткөн саясий окуядан 3-4-күн өткөндөн кийин мамлекетти карызга батырган мурунку ажо Атамбаевди колтуктап алып аянтка митингге келгениӊизди көпчүлүк жактырган жок. Социалдык барактарда өтө жаман сөздөр жазылды. Бул кадам туура болдубу? Негизи, Атамбаев камалганда же башка бир учурда Шаршенович тууралуу колдогон пикир айтканыӊарды укпаптырбыз. Тескерисинче Сооронбай Жээнбековду колдоп жүргөнсүӊөр. Күтүүсүз жерден Атамбаевге болгон “сүйүүнүн” ойгонушун кантип түшүнсөк болот?

— Сизге тактап айтып коеюн. Мен ал күнү Атамбаевди колтуктап алып, ал кишини колдоп, ошол адам үчүн аянтка барган жокмун. Мен өз позициямды айтам деп бардым. Ошол жерде жүргөн Руслан Казакпаев бүгүн Тышкы иштер министри болуп отурат. Ошондой эле, ошол жерде жүргөндүн көбү азыр мамлекеттик кызматтарга отурушту, бири вице-премьер, бири министр болуп кетти дегендей. Биз кызмат сураган да жокпуз. Социалдык түйүндөрдө ким тепкилеп жатканын барыбыз билебиз. Баарын тарых таразалайт! Ачыгын айтыш керек, Садыр Нургожоевич биздин партияга дагы кызмат сунуш кылды. Бирок, барган жокпуз. Себеби, алдыда шайлоолор бар,-дейт “Замандаш” партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов “De-Факто” гезитине берген маегинде.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru