ЖЭБдин башчысы Андрей Воропаев Финполго чакыртылды-(ВИДЕО)

Бүгүн, 12-январда Бишкек ЖЭБинин башчысы Андрей Воропаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка келди.

Ал Бишкек ТЭЦине байланыштуу иш боюнча “кеңешүү үчүн” келгенин билдирди. “Азыр документтерди чогултуу жүрүп жатат, сурак болгон жок” деди ал.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Бишкектин үстүнөн чыккан түтүндүн булагын аныктай баштады. Бишкек ЖЭБинин жооптуу адамдарына карата атмосферага булгоочу заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.