народный

Жээнбеков: “Сөз мага тийип жатат. Силер отурасыңар былтыйып!”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун иши боюнча сотторду жана прокуратураны жемеледи.

“Насирбек Алмаматовго бир сот 12 жыл берди, экинчи сот аны бошотуп жиберди. Бул эмне деген шермендечилик? Бул окуя коомчулукта чоң талкуу жаратты.  Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар. Мындан келип мага сөз тийип жатат. Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет”,-деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган. Бишкектин Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон. Ал Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрындагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Бирок милиция кызматкерлери шектүүнү жашаган үйүнөн тапкан эмес.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru