Жеке ишкер үй жайсыз калган Кайраттын дарылануусун моюнуна алды

Бул тууралуу жеке ишкер Болот Дыйканбаев “коом press” сайтына өзү кабарлады:

“Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык адамды өзү каалабаса эч ким мажбурлап дарылатууга акысы жок. Мен кечээ үй жайсыз калган Кайраттын билимине абдан баа бердим. Андай адамдарды дарылатып, жашоосунун жакшы жагына өзгөрүүсүнө чоң салым кошсок, калганын өзү жөндөп кетет. Азыр кыргыз коому мындай билимдүү адамдарга абдан муктаж. Ошондуктан буюрса карантин бүтсө өзү менен жолугуп, макул болсо дарылатып, башка да маселелерин чечип берсек деген ниетим бар”-деди ал.

Эскертке кетсек, буга чейин социалдык тармактарда үй жайсыз Кайрат аттуу жарандын географиядагы жер суунун шаарлардын аттарын такалбай айтып бергени элди таң калтырган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru