Жеке ишкер Маматжан Анарбаев милиция кызматкерлери үчүн арналган бет каптарды ИИМге тапшырды

Жеке ишкер Маматжан Анарбаев учурда коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүү максатында күн-түн дебей көчөлөрдө кызматын өтөп жатышкан милиция кызматкерлеринин коопсуздугун ойлоп,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине көп жолу колдонуучу 500.000 даана бет кап тапшырды. Ал ары түйшүктүү, ары татаал ишти аркалап, күн-түн дебей калкттын коопсуздугу үчүн кызматын өтөп, мекенине кызмат кылып жүргөн милиция кызматкерлерине ар дайым ыраазы экендигин билдирип, ден соолуктары бекем болушун каалап өттү.

 Өз кезегинде ички иштер министрлиги жеке ишкерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, ишине ийгиликтерди каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru