народный

Жетекчиси 120 миң сом айлык алган жаңы мекеме түзүлдү

Өлкөдө дагы бир Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Тиешелүү токтом Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Мекемени түзүүдөгү максат электрондук башкаруу системасын киргизүүнү ыкчамдатуу, бийлик органдарынын жана жеке жактардын электрондук кызматташтыкты жакшыртуу, тейлөөлөрдүн баарын электрондук форматка толук өткөрүү болуп саналары айтылган. Аны менен катар мекемелер аралык маалымат алмашуу жана аны коргоо милдети да мекемеге жүктөлгөн.

Ошондой эле анда иштеген кызматкерлерге айлык акы да белгиленип берилген. Андан белгилүү болгондой, жогорку кызмат — мекеменин директору 120 миң сом алса, төмөнкү кызмат — мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис 30 миң сом алат.

Айта кетсек, токтомго 30-апрелде кол коюлуп, кечээ, 13-майда расмий жарыяланган.

Кызмат орундарынын аталышыКызматтык маяналардын өлчөмдөрү(сом менен)
1Директор120 миң
2Директордун орун басары115 миң
3Долбоордун координатору110 миң
4Архитектор130 миң
5Дизайнер80 миң
6Башкы бизнес-аналитик100 миң
7IT-аналитик90 миң
8Бизнес-аналитик70 миң
9Башкы программист120 миң
10Программист95 миң
11Кенже программист75 миң
12Системалык администратор100 миң
13Маалыматтык коопсуздук боюнча адис90 миң
14Тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис70 миң
15IT-юрист55 миң
16Бухгалтер55 миң
17Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис30 миң

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru