Жети-Өгүз районуна 62 тонна ун жеткирилди

Жети-Өгүз районуна Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 62 тонна ун жеткирилди.

Маалым болгондой, ундар райондогу 13 айыл аймакка тийиштүү комиссиянын кароосу менен берилип жатат.

Жети-Өгүз айыл аймагынын башчысы Артур Сейдакматов аларга 126 кап ун бөлүнүп, айыл өкмөттүн 5 айылындагы жардамга муктаж адамдарга тартатылгандыгын айтты. Ага катар эле Жети-Өгүз айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 200 миң сом каралып, аз камсыз үй-бүлөлөргө азык-түлүк берилет. Алдыда айылдагы МТС элеттеги 24 үй-бүлөнүн жер тилкелерин трактор менен акысыз айдап бермек болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru