народный

Жибек: «Кошунамдын баласы менин күйөөмдөн экен, атасы билбей менин балам деп жүрөт”

Биздин редакцияга кеӊеш сурап, Жибек (аты өзгөртүлдү) атуу келин кайрылды. Ал, өзүнүн ичиндеги бугу менен мындайча бөлүшкөн.

“…Мен шаардык кыз элем, студент кезимде Ат-Башылык жигитти жактырып калып, көпкө сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Ал, шаарда калабыз деп айтчы, кийин “айылга барышыбыз керек, кийин көчүп келебиз”-деп жашап калдык. Жолдошум бою узун, мурду кырдач жана келишимдүү жигит. Айылдык экенине карабай ошон үчүн жактырып турмушка чыккамын.

Жакшы эле жашап жүрдүк, айылга деле көнүп калдым, 3 балалуу болдук. Биз менен чогуу Тынчтык деген кошунабыз дагы Аида аттуу кызга үйлөнгөн. 3 жылдай балалуу боло албай жүрүшүп, анан уулду болушкан. Анын уулу биздин экинчи уулубуз менен теӊ. Экөө көчөгө чыгып ойноп калышат. Аида экөөбүз дагы сүйлөшүп отуруп калчубуз. Анын баласы чоӊойгон сайын эле менин жолдошума, биздин балдарга окшошуп эле бара жатат. Чогуу сүйлөшүп калган аялдар дагы “экөөӊдүн балаӊар тим эле эгиздей”-деп сүйлөсө, Аида өӊү бозоруп кетчү.

Ошол күндөрдүн биринде, жолдошум телефонун унутуп кетип калыптыр. Аны ачып каттарын окуп жатып, Аида менен жазышкан катына көзүм шак эле дей түштү. “…Менин балам сенден экенин кошуналар деле байкап, аялыӊ деле байкап жатат окшойт. Эмнеге балдарыбыз окшош деп сурайт берет. Байкуш Тынчтык билбейт деле, менин балам деп сүйүнүп жүрөт…”.

Эмне кылышымды билбей, шалдайып отуруп калдым. Күйөм кеч кайтып келди, эч нерсе болбогондой жүрө бердим. Бирок ичим бушайман, эмне кылам? Кетип калайын десем 3 баламы жетелеп кайда батам? Кыйкырып чаӊ салайын десем кошуна Тынчтыктын тагдыры талкаланат. Урматтуу окурмандар, силер кеӊеш бергилечи, кандай кылсам туура болот?

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru