ЖК комитети чет элдиктер үчүн кумаркана ачууну колдоду

Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу сунушталды. Мыйзам долбоору 6-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жактырылды.

Сунушталган мыйзамга ылайык, “Тамчы” аэропортунун аймагындагы жерге эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларга чет өлөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандары киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

«Буга чейин кумар оюндарына тыюу салынган. Андан улам бюджет 600 миллион сомдон ашык жоготууга учурады, жалпы 11 миң жумуш оруну жоготулган. Биз сунуштап жаткан мыйзам боюнча, көңүл ачуучу комплекс чет элдик жарандар үчүн гана иштейт. Комплекстин аймагы тосулуп, ал жабык аймак болот«, — деди депутат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.