ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зас Садыр Жапаровду кызмат орду менен куттуктады

Бүгүн, 21-октябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Станислав Зас Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады. Куттуктоонун толук тексти: “Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Сиздин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Кыргызстан эл аралык аренада татыктуу кадыр-баркка ээ жана регионалдык саясатта көрүнүктүү орунду ээледи. Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуга мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасынын Уюмдун алкагындагы аскердик-саясий кызматташтыкты чыңдоого, жамааттык коопсуздук тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын түзүүгө, ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалашат. Кыргызстан Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуга мүчө мамлекеттердин эл аралык аренада жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга жооп издөө жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерине олуттуу салым кошууда. Сизге, урматтуу Садыр Нуркожоевич, чын жүрөктөн ден-соолук жана мыйзамдуулукту мындан ары чыңдоо, кыргыз коомунун туруктуулугун жана динамикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү жолундагы жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайм “, – деп айтылат куттуктоодо.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru