ЖМК: Трамп Жулиан Ассанжга ырайым берүү шарттарын атады

АКШнын президенти Дональд Трамп WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга ырайым берилиши мүмкүн экенин, бул үчүн ал 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында Демократиялык партиянын серверлерине жасалган чабуулдарга Орусиянын тиешеси жок экенин айтышы керектигин билдирди.
Бул тууралуу британ басылмалары Ассанждын адвокатынын Лондондогу сотто айткандарына шилтеме кылып жазышты.
Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер жетектеген иликтөө серверлердин бузулушуна орусиялык хакерлердин тиешеси бар экенин аныктаган. Иликтөөдө андагы маалыматтар президенттик шайлоодо Трамптын атаандашы болгон Хиллари Клинтонду жаманатты кылуу үчүн пайдаланылгандыгы жазылган. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Трамп Ассанжга ырайым берүү тууралуу аны Улуу Британиядан АКШга экстрадициялоо боюнча ачык угуулар башталардын алдында билдирүүдө. Адвокаттар бул иште саясий боёк бар экенин айтып, WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Вашингтонго өткөрүлүп берилбеши керектигин белгилешүүдө. Ассанж Кошмо Штаттарда Пентагондун жүз миңдеген жашыруун документтерине мыйзамсыз жол менен жетип, ачыкка чыгарып салган деп айыпталууда. Ал бул иш боюнча күнөөлүү деп табылса 175 жылга соттолушу мүмкүн.
Ассанждын адвокаты Трамптын сунушу тууралуу ага мурдагы республикачы конгрессмен Дана Рорабахер билдиргенин айтты. Ал жакынкы күндөрү Лондон түрмөсүндө камакта отурган WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү менен жолугарын кошумчалады. Азырынча Ак үй бул маалыматты расмий түрдө ырастай элек.
WikiLeaks 2006-жылдан бери жашыруун булактарынан алган маалыматтарды жарыялап келет. Ассанж 2012-жылы аны «Зордуктоо» беренеси менен айыптап жаткан Швецияга экстрадиция болуудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Быйыл апрелде Эквадор ага башкалка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы аны камакка алган. Учурда Швециядагы зордуктоо иши жабылган.
Адвокаттар менен дарыгерлер британ түрмөсүндө Ассанжга «психологиялык басым» болгонун, ага олуттуу медициналык жардам көрсөтүлүшү керектигин айтып келишет.

 

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru