Жоголуп кеткен 3 жаштагы бала табылды

Патрулдук милиция жоголгон баланы табышты.  Бул тууралуу Свердлов райондук милиция бөлүмүнөн  билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 17:00 чамасында милицияга Боталиев көчөсүнөн  үч жаштагы бала жоголуп кетти деген билдирүү түшкөн.

 Окуя болгон жерге милиция келип, издөө иштерин баштаган.  Бала табылып, Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.  Кийинчерээк баланы апасы келип, милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru