Жогорку Кеңеш өзгөчө кырдаалдар министрине Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш өзгөчө кырдаалдар министрине Аскаров Замирбек Марипбаевичтин, ал эми вице-премьер-министрликке Асрандиев Эркин Шамшудиновичдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору кабыл алынды.

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал Замирбек Аскаров буга чейин вице-премьер-министри болуп иштегенин, Эркин Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келгенин, сунушталган талапкерлер буга чейин өзүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алганын билдирди. «Талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билет. Ошондон улам, жаӊы кызмат ордундагы милдетин татыктуу аракалап кете алышат деген ойдомун», – деди ал.

Өкмөт башчы жаңы вице-премьер-министрге каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты. «Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам, чек ара боюнча баардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык кооптуу аймакта орун алгандыктан, өзгөчө кырдаалдар жаатында көйгөйлүү маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаров сунушталууда», – деди ал.

Депутат Дастан Бекешев өкмөт башчыга чакан мамлекетке төрт вице-премьер-министр ашыкча болор-болбосу тууралуу собол салды. Премьер-министр аткара турган иштер арбын, чече турган көйгөйлүү маселелер көп болгондуктан, төрт орун басар ашыкча болбой турганын белгиледи. «Өкмөттө жасай турган жумуштар арбын. Болгону талыкпай таза, иштин көзүн таап иштөө керек», – деп кошумчалады ал.

Депутат Карамат Орозова Өкмөт, андагы жооптуу кызмат адамдары чек арада түзүлгөн кырдаалга жакшылап көңүл бурбай, укук коргоо органдары жарандарды уруп-согуп, айрым адамдарды камап жатканын айтты. «Чек ара аймагында жашаган адамдарды камабай, тескерисинче аларга колдоо көрсөтүү керек. Укук коргоо органдарынын мындай мамилесине эл өтө нааразы», – деди ал.

Премьер-министр чек арадагы чыр-чатактар эч качан кыйкырык-өкүрүк менен чечилбейт, аны сүйлөшүү жолу менен чечүү керек экенин, айрым калк арасын козуткан адамдарга карата түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүп, алдыналуу чараларын көрүү зарылдыгын белгиледи. «Чек арага көңүл бурулбай жатат деген туура эмес. Биздин жумуш күн сайын чек арадагы абал менен таанышуудан башталат. Буга чейин көп жумуштар жасалды, дагы жасалат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков талапкерлерди өлкө экономикасын көтөрүү жана калк турмушун жакшыртуу жаатында болгон аракеттерин жумшоого чакыруу менен бирге, жалпы депутаттардын атынан Замирбек Аскаров менен Эркин Асрандиевдин эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, жаңы кызматында ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru