Жогорку Кеңеш кызматкеринин мас абалын таң калуу менен кабыл алды

Учурда патрулдук милиция менен мушташты деп  Жогорку Кеңештин мурдагы кызматкери  Эрнест Молдошев катышкан видео интернетке тарап жаткан кези. Бирок ал эч качан кызматына мас болуп келген эмес.  Бул тууралуу “коом press” сайтына Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси  Ибраим Нуракун уулу билдирди:

“Чынын айтсам видеону көргөндөн бери аябай таң калып жатам. Ал менен көп убакыттан бери иштешип келе жатабыз.  Бир дагы жолу кызматына мас абалда келген эмес. Ошондой эле ал Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин бөлүм башчысы болуп иштечү . 24-март күнү өз каалоосу менен арызын жазып кеткен. Аны тааныгандардын баардыгы учурда таң калып жүрүшөт”-деди ал.

Эскертке кетсек, коронавирус дартынын жайылып кетпөөсү үчүн Кыргызстан боюнча 24-марттан баштап коменданттык саат киргизилген. Дал ушул түнү Эрнест Молдошев мас абалында унаа башкарып, инспекторлор менен мушташа кетип, камакка алынган. Аны Ленин райондук соту үй камагына чыгарды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru