Жогорку Кеңеште коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу болуп өттү

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңеште калктын коммерциялык эмес уюмдарга болгон ишенимин жогорулатуу, алардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу болуп өттү. Коомдук угууга Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Эргешов, Евгения Строкова, Аида Исмаилова, Умбеталы Кыдыралиев, Таабалды Тиллаев жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар Евгения Срокова менен Аида Исмаилова коммерциялык эмес уюмдар коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттин өнөктөшү болуп саналаарын белгилешти. «Кыргызстан өнүгүү жолунда ачык-айкындуулукту тандап алып, «Ачык Өкмөт» эл аралык уюмунун мүчөсү болуп, «Ачык маалыматтар» саясатын жүзөгө ашырууда», – дейт Аида Исмаилова. Ошондой эле эл өкүлү коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюмдарга карата ошол эле максаттарды көздөөрүн кошумчалады.

Талкуу жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты. «Интербилим» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева мыйзам долбоору кабыл алынып калган учурда коммерциялык уюм болуп эсептелген Суу пайдалануучулар ассоциациясы менен Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын бирикмесинин иш алпаруу маселеси боюнча тынчсыздангандыгын билдирди. «Кыргыз жолу» руханий коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев мыйзам долбоорун колдой тургандыгын айтып, ал Кыргызстандын ички иштерине коммерциялык уюмдардын кийлигишүүсүнө байланыштуу тобокелчиликтерди кыскартаарын баса белгиледи. «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фондунун өкүлү Искендер Какеев мыйзам долбооруна жасалган талдоо тууралуу айтып берди. «Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыкулова болсо мыйзам долбоорунун ченемдери коммерциялык эмес уюмдардын ишинин жыйынтыгын чыгарууда таза жана жооптуу инструмент катары кароо керектигин билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кенеш депутаттары: Б.Райымкулов, Ж.Мусабекова, Б.Турусбеков, У.Примов, У.Кыдыралиев, Е.Строкова, А.Исмаилова, М.Маматалиев.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru